Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу АКШда өтүп жаткан эл аралык мелдеште жарым финалга чыкты.
15-апрелде Колорадо штатынын Пуэбло шаарында USA Boxing International Open турнири башталды. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилигинде 7 спортчу катышууда.
Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалдан баштап, америкалыктарды эки жолу утуп, жарым финалга чыкты.