Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азымбакиев Муратбек Абакирович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Сагынбек Абдумуталип президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.