Буга чейин социалдык тармактарда мушкер Канат Келдибеков жардамга муктаж деген видеолорду көрсөңүз керек. Биз анын азыркы учурдагы абалын билип кайттык. «Мени 2-3 күн ооруканада байлап коюшту. Мендей болуп оорубагыла. Мындай ооруну эч кимге каалабайм. Азыр жашоо менен күрөшүп жатам” дейт ал.
«Адамга сыноо берилет экен. Азыр ошол сыноодон өтүп жатам. Ооруканага жатып чыктым. Ал жакка эч кимди киргизбейт экен, байлап коюшту. «Мен баарын түшүндүм, болду чечкиле» дедим. Дарыланып, жакшы болуп калдым. Дагы дарыланам. Ушул менен жакшы болуп кетейин. Жашоо менен күрөшүп жатам»,- деди ал.