Мындан ары Ош шаарынын аймагында бир гана жерде коон, дарбыз сатуучу аянтча болот. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Ар ким каалаган жолдун жээгине унаасы менен туруп сатууга тыюу салынат. Мындай чечим шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчө соодасын иретке келтирүү, унаа кыймылына тоскоолдук жаратпоо жана башаламандыка жол бербөө максатында коюлган тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.
Муну менен катар негизги жана ички унаа жолдоруна коюп кеткен чоң оор жүк ташуучу унаалар, камаз жана HOWOлор да шаардын сыртында болот. Коон, дарбыз саткан жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы муниципалдык базардын жанынан Шамшат көчөсүндө үч гектар жер ажыратылып даярдалган. Учурда аталган эки жай тең иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.