Аталган шаардын Ленин көчөсүндө жападан жалгыз троллейбус линиясы каттачу. Шаардык бийлик троллейбустардын чыгымы өтө көп болгондуктан, линияны алып салууну чечишкен.
«Троллейбустардын баары Бишкектен келген. Алар эски болгондуктан, бузулганда оңдогонго тетик жок. Мурда тетиктерди Бишкектен алдырчубуз. Ал жакта да троллейбустар каттабай калып, Орусияга буйрутма берүүгө туура келет. Анын баары акча. Жаңы троллейбус алалы десек ал автобустан кымбат», — деди Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын башчысынын орун басары Кайрат Асанакунов УТРК Нарын телеканалындагы маегинде.
Буга чейин Бишкекте каттамдан алынган троллейбустар Нарынга жеткирилген. Алар эски болгондуктан, улам бузулуп айдоочулар эптеп эле жүрүп жатканын айтышкан.













