Нарын шаарындагы Матен Сыдыков аймагынын күн чыгыш тарабында, калктуу конушта жайгашып, акыркы 50 жылга чукул мезгил аралыгында пайдаланылбай калган көрүстөндүн орду түздөлүп, парк болот. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Жергиликтүү тургундардын кайрылуусуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутев эски көрүстөн жайгашкан жерди көрүп, түздөө иштери менен кошо, айланасындагы каралбаган курулуштарды алуу, таштандыларын чыгарып, ирээтке келтирүү иштерин тийиштүү мекеме башчыларына тапшырды.
Жергиликтүү жашоочулар менен бирге ата-бабаларга куран окутулуп, көрүстөндү бузууда дин кызматкерлеринин кеңеши менен тийиштүү ырым-жырымдарын аткаруу белгиленди.