Нарын районуна караштуу Шоро айылынын демилгелүү жаштары жана айыл тургундары айыл имамы Айылчы Карыпбаевге темир тулпар жана кичи ажылыкка жолдомо тапшырышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Бул саамалыкка катышкан айыл аксакалдары имамдын көп жылдык эмгегин сыйлап, жакшы саамалыкты уюштурган айыл жаштарына, башында туран уюштуруу тобуна терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Айылчы Карыпбаев Шоро айылына 17 жылдан бери имамдык кызматын өтөп келет. Казыяттан билдиришинче, жыл башынан бери Нарын району боюнча 6 айылдын имамына айыл жаштарынын атынан умра сертификаты тапшырылды.