Нарында Сагынов Алмазбек Абдыжапарович дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
12-ноябрь күнү Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында арыздануучунун жолдошу 1970-жылы туулган Сагынов Алмазбек Абдыжапарович Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугун билдирген. Аталган арыз 12-ноябрь күнү Нарын ШИИБге катталган.
Сүрөттөгү жаранды көргөндр болсо, (03522) 5-09-08; 0 (707) 52 76 76 номурларына чалсаңар болот.