Кечээ, 19-мартта саат 19:16да Кыргызстанда очогундагы күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 баллга, Баетов айылында 3 баллга жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.