Нарын шаарында 42 жаштагы аял дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-июлда саат 13:30 чамасында 1983-жылы туулган Нургүл Өмүракунова дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал Нарын шаарындагы оорукананын наркология бөлүмүндө дарыланып жатып, белгисиз багытка чыгып кеткен.
Жоголгон жаран Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну. Аны көргөн же жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандардан төмөнкү номурлар аркылуу Нарын ШИИБине кабарлап коюуңуздарды суранабыз: (03522) 5-18-04, (03522) 5-09-08, 0707 52 76 76.










