Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен, тоо коктуларынан түшкөн сел сулары түшүп Нарын шаарынын Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларын каптаган. Бул тууралуу Нарын шааардык мэриясынан билдиришти.
Мындан улам, бүгүн, 23-июнда Нарын шаарынын мэри шаардык жарандык коргонуу кызмат жетекчилери менен штаб өтүп, тактоо иштерин улантууну, жолдорду түздөп, калган сууларды тазалоо иштерин айтып, суу каптаган турак жай ээлеринин социалдык абалдарын кароону, зарыл болсо материалдык колдоо көрсөтүү жагын тапшырды.
Учурунда жүргүзүлгөн тактоо иштеринен улам 45 үйдүн короо-жайын, анын ичинен 2 үйдүн ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.
Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жалпы 30 куткаруучу тартылып, кыян суулары кирген үйлөрдүн ичиндеги сууларды мотопомпанын жардамы менен сыртка сордуруп чыгуу жумуштарын аткарышкан.











