Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров бүгүн, 4-июлда Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө барып текшерүү жүргүзгөн.
Саат 9:00гө барып, кызматкерлерди таппай калган. Ал айыл өкмөттөгү кечиккен 10 адамды белгилеп, алардан түшүнүк кат алып, чара көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле жол салып жаткандар менен да сүйлөшүп, ишти тездетүүнү айтты.