Кечээ, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Назарньюс маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.
«Журналист институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн — тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүү учурунда журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди», — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Назарньюс сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды.