“Мекенчил” партиясынын тең төрайымы болуп турган, 2016-жылдан 2018-жылга чейин аталган партиянын жана Садыр Жапаровдун республикалык штабын жетектеген Назгүл Эшеналиева жаш саясатчы, экс-депутат Орозайым Нарматованын билдирүүсүнө карата өз пикирин жарыялады.
«Орозайым менин балдарым менен тең кыз. Ал жасаган кадамдарды менин балдарым али жасай элек.
Силердин да балдарыңар жасай элек. 30 жашка чыккыча эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты боло алды. Диплому, мандаты боюнча иштер саясий иштердин айынан жокко чыккан. Жакшы көрөсүңөрбү, жаман көрөсүңөрбү, биз жете элек бийиктикке жеткен. Айтса, өз оюн айтты, эч кимге таңуулаган жок. Пикири жакпаса, укпай койгула!
Саясий маданияттуулукка үйрөнсөк болот эле. Саясатка кадам таштаган кайсы бир адам жакпайбы?
Шайлоодо шайлабай кой! Шайлоочунун протести ушул гана болуш керек! Жекеликке, келбетке, төшөккө чейин асылганды токтотушубуз керек», — деп жазылат билдирүүдө.