Нияз Мадиев УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Мадиев Нияз Эшимканович дайындалды.
Бүгүн, 28-сентябрда жаңы жетекчи облус активине тааныштырылды. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Антитеррордук борборунун директору Алишер Эрбаев тааныштырды. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев катышты.
Буга чейин аталган кызматты Саламат Сартов аркалап келген. Ал башка кызматка которулган.