Бүгүн, 13-сентябрь күнү Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Ноокат – Кызыл-Кыя бөлүгүнүн жаңыртылган бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанатта облус жетекчиси сөз сүйлөп, бул жол мурдагы техникалык абалынын начардыгынан улам олуттуу көйгөйлөрдү жаратып келгенин белгиледи. Жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлгөнү менен, жол тыгындары жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык эң курч маселелердин бири болуп келгенине токтолуп, жол курууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.
Жаңы долбоордун алкагында 47-75-чакырым аралыгы, тагыраак айтканда узуну 28 чакырым, туурасы 9 метр болгон жолго 15 сантиметр калыңдыкта асфальт толук төшөлүп бүттү. Ошондой эле эки четине лоток жана тротуар, аялдама, жарыктандыруу тутумун орнотуу каралган.
2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 34+400дөн 40+400-чакырымга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери ийгиликтүү аяктаган. Быйыл Ош облусундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнүп, анын эсебинен стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа жана Ош-Баткен-Раззаков (Ноокат –Кызыл-Кыя багыты) жолдорун жаңылоо иштери толук бүткөрүлдү.
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....
2026-жылдын 19-январында УКМК төрагасы К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын...
“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. «Путь в жизнь» реабилитациялык...