ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп чечим кабыл алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
1. Ош ОИИБдин Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар АМБнын башчысы милициянын майору Абдисатар уулу Темурду ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду;
2. Ноокат РИИБдин башчысы милициянын полковниги Осконалиев Талгат ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
3. Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле КККнын башчысы милициянын подполковниги Исраилов Алмазбек ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
4. Ноокат РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Абдиев Бактияр ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
5. Ноокат РИИБдин КККнын уруксат берүү системасы боюнча тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Аскар уулу Акжол ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
6. Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Сатаров Асан ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
7. Ош ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Ахунов Ашырбек кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди;
8. Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Бекташов Эрнист катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
9. Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын полковниги Увалиев Нургазы катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
10. Ош ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Бурканов Нурланбекке катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
11. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКтин Ош шаары жана Ош ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жаманов Улукбекке сөгүш тартиптик жазасы берилди;
12. Ош ОИИБдин КККнын башчысы милициянын подполковниги Алымов Таалайбекке катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.