Ноокатта дайынсыз болуп жаткан кыз Таластан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Ноокат районунун 2008-жылы туулган тургуну 4-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат таратылган. Дайынсыз болуп жаткан кыз 8-март күнү Талас шаарындагы видеокамералардын бирине түшүп калган. Мындан улам Ноокат РИИБдин жана Талас ОИИБдин кызматкерлери облус аймагында издөө иштерин күчөткөн.
Дайынсыз болуп жаткан кыз 13-мартта Бакай-Ата районунан табылып, жакындарына өткөрүп берилди.