Ноокендин Ношкен айылында эки киши кыйган терегинин алдында калып каза болушканы айтылды. Бул тууралуу «Турмуш» жазды.
Кырсык 29-августта болгон. 43 жана 50 жаштагы эки киши терек кыйып жатканда бак кулап, экөөнү басып калган. Милиция фактыны тастыктап, маркумдардын жакындары арыз жазбагандыгын билдирди.











