Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ноокендеги мейманканада балдарын чыбык менен сабаган аялдын видеосун бөлүшүшкөн.
Видеонун автору «Тамак ичип отурсам аял балдарын аябай сабады» деген жазуу калтырган.
Жалал-Абад облустук милициясы маалымат таратып, аталган факты боюнча Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. «Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз»,- дешти.