Нооруз майрамына байланыштуу «Ала-Тоо» аянтындагы айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«18-март саат 22:00дөн тарта 23-мартка чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жана Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат»,- деп айтылат маалыматта.