Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал БШКнын жыйынында билдирди.
Ал өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын токтотуу жөнүндө арызын кароону суранды. БШК мүчөлөрү анын чечимин колдошту.
Шайлдабекова 2016-2021-жылдары эки жолу БШКнын төрайымы кызматына шайланган.






