Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБге профилактикалык сүйлөшүүгө жеткирилмек, бирок ал милиция кызматкерлерине орой мамиле кылган.
Свердлов райондук соттун чечими менен майда бейбаштык беренесине ылайык, 5 суткага камакка алынган.











