Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу жарыяланды.
«Жаздын келишин жар салып, күн менен түн теңелишкен учурга туш келген бул майрам эзелтен жаңы жылдын башталышы катары белгиленген. Анткени, «нооруз» сөзү байыркы фарс тилинен алынып, кыргызчага которгондо «жаңы күн» дегенди түшүндүрөт. Андыктан майрамды утурлай сүмөлөк бышырылып, казан-казан көжө кайнатылган. Апаларыбыз таңдан туруп, үй-жайды аластап, Жараткандан жакшылыктарды тилешкен. Аруу үмүттөргө жана бийик максаттарга толгон Нооруз майрамы улуттук оюндар менен коштолуп, руханий маданиятыбыз даңазаланган.
Ардактуу кыргызстандыктар! Сиздерди дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салып, дарак бүчүрүндөй жакшы тилектерди сунган Нооруз майрамы кут болсун! Жаратканым элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин! Айдаган аштыгыбыз өнүп, байлаган малыбыз көбөйсүн! Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын! Мамлекетибиз биримдикте өнүгүп, жергебизде кырсык болбосун! Көчүбүз бузулбасын, учугубуз уланып, келечегибиз кеӊ болсун!» — деп жазылат куттуктоодо.
Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында...
Орозо 19-февралда башталып, ушул күнү ооз бекилет. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл...