30-ноябрь жана 1-2-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу ӨКМ республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөрүн билдирди.
Андан сырткары республиканын унаа жолдорунун участкаларында, айрыкча:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658-чакырымдарында;
— Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138-чакырымдарында;
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24- чакырымдарында;
— Бишкек – Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125-чакырымдарында;
— Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133-чакырымдарында;
— Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымдарында;
— Балыкчы – Ананьево — Каракол унаа жолунун 174-чакырымында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн.
Андыктан ӨКМ республиканын жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылуу сунушталат.