Үстүбүздөгү жылдын 17-19-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Буга байланыштуу ӨКМ төмөнкү жолдордо абайлаңыздар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырзаке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
Балыкчы-Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшөт.
Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет.












