Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинистти алып түшүү, башка туристтерге жардам берүү максатында ӨКМдин Авиациялык ишканасынын “Airbus Н-125” үлгүсүндөгү тик учагы жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тик учак менен жардам берүү үчүн барган чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч, альпинист-куткаруучу, инструктор Каркырадагы базада 2 күн болушкан. Бирок Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп, учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу 25-августта министрликтин тик учагы чет өлкөлүктөр менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтышкан.
Ошондой эле ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы алпинисттерди өзүнө тарткан бийик чокулар жайгашкан бул өрөөнгө суук эрте түшүп, чокуга көтөрүлчү альпинисттер лагери Каркырадагы негизги базасына көчүп келишкен.
Эскерте кетсек, 12-августта Орусиянын жараны Наталья Ноговицына Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. «Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери “Ак-Сай трэвел” туристтик компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусундагы кырдаалды көзөмөлдөп, аталган туристтик компания менен тыгыз байланышып турду»,- деп айтылат маалыматта.








