ӨКМ жер титирөө боюнча маалымат берди.
“28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында очогундагы күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 баллга, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн очогу Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 135 чакырым түштүк батышта болгон”,- деп айтылат маалыматта.