ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан туристтик сезон башталган мезгилден тарта көл жээгиндеги пансионат, пляждарда суу коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иши күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
Куткаруучулар көл жээгиндеги эс алуучуларга атайы нускама кагаздарын таратуу менен бирге моторлуу кайыктар менен да жарандардын коопсуздугун көзөмөлгө алууда.
«Баса белгилей кетүүчү жагдай, көлгө түшүүдө жаш балдардын кароосуз калгандыгы жана коопсуздук эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Мындан улам ӨКМ кызматкерлери ата-энелерди тыкыр көзөмөлгө алууну ошондой эле пансионаттардагы куткаруучулардын эскертүүлөрүн кынтыксыз аткарууну эскертет»,- деп айтылат маалыматта.