Бүгүн, 9-июнда аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылыңыз. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуңуз. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турганы оң. Мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.