Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызматына Айнура Чокморова дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлигинин конкурстук комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 2 протоколунун негизинде Чокморова 6 айлык сыноо мөөнөтү менен 2025-жылдын 3-апрелинен тартып «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызматына дайындалды.
Буга чейин доцент Айнура Чокморова Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Чет тилдер” кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.