Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00гө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар жана жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Кара-Балта жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
«Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.