Ушул жылдын 3-июлуна чейин сууга чөккөн адамдардын саны 33кө жетти. Алардын 21и жай мезгилинде сууга чөккөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өткөн жылы 35 адам сууга чөгүп каза болгон. «Тилекке каршы суудан ажал тапкандардын 35 пайызы чоңдор, 15 пайызы 12 жашка чейинки балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка суу коопсуздук эрежелерин эскертип, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун тынымсыз түшүндүрүшөт»,— деп айтылат маалыматта.