Республикалык иммунопрофилактика борбору январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна кабылганын көрсөткөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын бири Түркиядан жуктуруп келген. Жалпысынан бүгүн, 23-январга карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.