Кыргызстанда 3-5-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй облусунун өрөөндөрүндө абанын температурасы күндүз +35…+40°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41°, Талас облусунун өрөөндөрүндө +36…+38° болот.
Мындай ысык аба ырайында күндүн түз тийген нурунан сактануу жана эгиндерди сугаруу сунушталат.











