Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуш материалдарынын тартыштыгын жоюу багытында жаңы кадамдарды баштадык. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жазды.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш тармагы активдүү өнүгүүдө. Мунун натыйжасында курулуш материалдарына, өзгөчө арматурага болгон суроо-талап кескин өсүп жатат. Учурда бул материал негизинен бир гана мамлекеттен импорттолот. Ушуга байланыштуу Кытайды альтернатива катары карап жатабыз. Биринчиден, Кытай менен географиялык жакындыгыбыз – логистика жагынан чоң артыкчылык. Экинчиден, ал жактан келүүчү арматуранын баасы салыштырмалуу арзан болору күтүлүүдө.
Эң негизгиси – сапат маселеси. Азырынча жүргүзүлгөн анализдерге жана лабораториялык текшерүүлөргө ылайык, Кытайдан келчү арматуралар сапат жагынан азыр колдонулуп жаткан материалдардан кем эмес, айрым учурларда ал тургай жогору көрсөтмөлөрдү да берди.
Буга чейин мындай альтернатива багытында активдүү аракеттер болгон эмес. Эми болсо арматураны Кытайдан түз алып келүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз. Бул чечим – жалпы эл үчүн, жана өзгөчө курулуш тармагындагы ишкерлер үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз«,- деп жазды ал.