Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде үшүк жүрөт.
Абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.








