Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер». Садыр Жапаров ак халатчандарды куттуктады

14:18 02.07.2023
0
«Өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер». Садыр Жапаров ак халатчандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Мамлекеттин эң негизги байлыгы — эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар. Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүттөрүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мамлекетибиз социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын өзөгү катары карайт. Акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек. Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт.

Саламаттыкты сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз. Ошондо гана жалпы журтубуздун, айрыкча, алыскы аймактардагы элибиздин сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай алабыз. Биз ооруларды алдын алуу ишин биринчи орунга коюу менен баштапкы медициналык санитардык жардам системасын маанилүү багыт деп билебиз. Бул багыт, албетте, тажрыйбалуу дасыккан медициналык адистерсиз натыйжа бере албайт.

Ардактуу саламаттык сактоо кызматкерлери, тизмектелип өткөн иш-чаралар сиздердин жардамыңыздар менен гана өз максатына жетет, сиздердин эмдүү, шыпаалуу колуңуздар менен мээримдүү мамилеңиздерди бир да медициналык шайман алмаштыра албайт. Андыктан, улут саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Ар бир дени сак мекендешибиз өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Ошондуктан, өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер деп айтууга толук негиз бар.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалайм. Жакындарыңыздар менен бирге бакубат өмүр сүрүңүздөр. Элдин сак-саламаттыгы жаатындагы ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!

Дагы бир жолу майрамыныздар менен!”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Министр Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда

Министр Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:18 22.04.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев суучулдар менен биргеликте Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 2026-жылдын башынан бери...

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:07 22.04.2026
0

"ИИМ кызматкерлери тарабынан УКМКнын башкармалыктарынын биринин башчысынын орун басары кармалганы, ошондой эле УКМК тарабынан ички иштер органдарынын кызмат адамдары кармалганы...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 22.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мугалимдин окуучуга карата күч колдонгондугу тууралуу окуя боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук билим...

Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:57 22.04.2026
0

Социалдык тармактарда Ак-Ордо-3 конушунда жарандарды көчүрүү менен байланышкан видео тарап жатат. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан маалымат таратышты. Бишкек...

Бишкекте суунун тарифин кымбаттатуу сунушталып жатат

Бишкекте суунун тарифин кымбаттатуу сунушталып жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:54 22.04.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек суу канал» МИси тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) кызматтарына, ошондой эле көп...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

09:07 22.04.2026
Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

08:57 22.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда

Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда

09:23 22.04.2026
Министр Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда

Министр Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда

09:18 22.04.2026
Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

09:07 22.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү