Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси
Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына билдирүү
жарыялаган. Элчинин постунун комментарий бөлүгүнө президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов менен жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы
Сыймык Жапыкеев жооп жазышты.
«Саламатсызбы Өмүрбек Чиркешович! Иштериңиз жакшыбы, демдүү-күчтүү жүрөсүзбү?
Өз мезгилиңизде ар кандай окуяларды көрүп жүрүп, өтө саксынып калгансыз го, сыягы. Биринчиден, андай заман азыр артта калды. Кабатырланууга эч негиз жок, ким кайда, эмне максат менен жүргөнүнүн баары белгилүү. Өлкөбүздүн ичинде жана сыртында болуп жаткан окуялардан, жүрүштөрдөн ыкчам кабар алып турган акыбалга жетип калдык. Сиз күмөн санагандай ойлор же аракеттер алдын алынат, жол берилбейт, Кудай буюрса. Андыктан, аркаңызда күчтөнүп калган мамлекетим турат деп эч кабатыр болбой, иштей бериңиз.
Чыныгы элдик ырчыларды, чыныгы мекенчил кыргыз жарандарын жакшы маанай менен тосуп алып, өзүңүз кызыгуу менен иликтеп келе жаткан тарых-таржымалыбыздан кеп салып, аксакалдык акыл кебиңизди айтып, саясий интригалардан алыс болууга чакырып, маселеси болсо көмөк көрсөтүп, чет жердеги элчилик кызматыңызды уланта бериңиз. Ишиңизди ийгиликтер коштосун!» — деп жазылат президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзовдун жообунда.
Ал эми Сыймык Жапыкеев төмөндөгүдөй жооп калтырган: «Агай, ишиңизге ийгиликтер болсун, сизге чың ден соолук каалайм. Барчылык болсун. Агай, Бишкекте эле тыптынч жүрөм. Сиздин мөөнөт бүткүчө Германияга буюрса барам».