Бүгүн, 25-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанына онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптар кайрадан митингге чыгышты. Алардын айтымында, Саламаттыкты сактоо министри айткан сөзүн аткарган жок. Тагыраагы, химиотерапия бөлүмүндөгү кырдаал боюнча комиссия түзүлбөгөндүгүн жана рак менен ооругандарга кайрылуу боюнча таптакыр чара көрбөгөндүгүн белгилешкен. Митингдин катышуучуларына министрдин орун басары Мадамин Каратаев чыгып, комиссия түзүүнү убада кылган.
Эскерте кетсек, онкологиялык ооруга чалыдыкккандардын митинги буга чейин 9-декабрда да өткөн. Анда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев нааразычылык акциясына чыккан онкологиялык бейтаптар менен жолугушуп, онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди сатып алуу боюнча териштирүүнү убада кылган.
Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...