Өткөн жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун Онкология жана гематология бөлүмүндө 4 жаштагы бала чарчап калган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги баланын атасы, спорт кабарчысы Токтомуш Жекшенбай уулу менен байланышканыбызда, уулунун өлүмүнө дарыгерди айыптаган.
Анын айтымында, дарыгер 4 жаштагы Рамил Жекшенбаевге кан тамырга сайылчу дарыны жүлүнгө сайып, анын кесепетинен бала каза тапкан. Рамил 2023-жылдан бери кан рагы менен жабыркап келген. Ошондой эле, уулу ак кан оорусун жеңип, акыркы дарысын алууга 13-декабрда жогоруда аталган ооруканага барышканын айткан.
Токтомуш Жекшенбай уулу кечээ, 16-январда социалдык тармактагы баракчасында иш боюнча маалымат берип, дарыгердин үстүнөн арыз жазбаганын билдирди.
«Дарыгердин үстүнөн иш козголгон жок. Арыз жазган эмесмин. Себеби соттук иштер экспертизанын жыйынтыгы менен болот, бирок билесиздер экспертизада баланы соёт, анализ алат. Мен ата катары наристемдин союлушун каалабадым. Уулумдун 12 мүчөсүн түгөл, денесине бычак тийгизбей, акыреттик жайына тапшырдым.
Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерге мындан ары дарыгер болуп иштей албайт деген чечим чыгарып берди. Ал өзүнүн каалоосу менен арыз жазып жумуштан кеткен экен. Ал эми онкологиянын жетекчилигине сөгүш жарыяланды», — деди ал.