Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектин Орок айылында XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп аталыктын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду.
Салтанатка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жазуучулар, тарыхчылар жана шаар коноктору катышты.
Эстелик Жайыл Баатыр, Б.Алыкулов жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Эстеликтин автору, скульптор Сейит Калбаев. Бийиктиги 5,8 метрди түзөт, постаментинин бийиктиги 7 метрге жетет. Аталган иш-чара тарыхый инсан Нүзүп аталыкка арналган театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен ачылды.












