Экс-депутат Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчасына видео жарыялап, анда «Эки устатыма тең ыраазымын» деп жазган.
Саясатчы Орозайым Нарматова: «Мен устаттарым Садыр Нуркожоевич жана Адахан Кимсанбаевичке ийилип, таазим кылып, рахмат айтам. Сиздер ушул Орозайымды жараттыңыздар, тарбияладыңыздар», — деген.
Видеодо Адахан Мадумаровдун берген маегинен үзүндү бар. Анда саясатчы Орозайым Нарматованы өзүнүн жаштыгына окшоштурган: «Мен деле Орозайымдын жашында ошол сыяктуу ордумда тура албаган, бир демени көрсөм, чырылдап, ар дайым айтып турган киши катары айтайын, көп чалынат, көп кулайт, көп таяк жейт, көп кишиге жакпайт, кээде жакын досторуна да, туугандарына да жакпай калат. Бирок адамдын бактысы анда эмес, адамдын бактысы өзүнүн жан дүйнөсүн дайым ачык, даана, так айтып жүрүүсүндө», — деген.
Аталган видеодо президент Садыр Жапаров журналисттерге берген пресс-конференциясында суроого жооп берип жатып, «Орозайым Нарматова боюнча айтып өтөйүн. Ооба, мага иштеген, убагында көп жардам берген. Мен ушул кыздын сындаганына, чүкөдөй кызга эрегишет белем? Өзүңүздөр деле анализ жасап, ойлоп көрсөңүздөр?» деп жооп берген.