Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты

23:04 02.12.2024
1
Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты.

“Өзүңөр билесиңер, менин башымдан оош-кыйыш күндөр өттү. Камалгандан кийинки 2 жыл аралыгында жашоомдо эмнелер болгону тууралуу журналисттерге маек берип, айтып бердим. Мени тааныгандар “азыр эмне менен алектенип жатат, саясатка келеби, бул бийликке таарынычы барбы?” деп жатышса керек. Кемпир-Абадды коргойбуз деп камалып калган агай-эжекелерибиз алардын арасында менин тагдырыбыз кандай болду? УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич менен жолугушуп чыкканы боюнча сын-пикирлер, талкуу болуп жатат. Аппак болуп көрүнгөндүн баары ак эмес, чыныгы оппозицияда калдым дегендери чын эмес. Интернеттеги кызыл аянтта согушкандардын бири мен болчумун. Бийликтин тарапташтары бийликтин сөзүн укпай, алардын кыжырына тийип, аларга жагынайын деп менин аялдык намысыма шек келтирген учурлар дагы болгон. Бирок ошолордун баарын жутуп, камалгандан кийинки окуялар менен бөлүшөйүн деп жатам. 

Кемпир-Абаддын жээгинде чуркап чоңойгон кыз катары өзүмдүн оюмду айттым. Акыл калчап, “Кемпир-Абад кетпеши керек” деп жеке тандоомду кылып, пикиримди айтып чыккам. Бирок Кемпир-Абад менен иши дагы жок адамдар камалып кеткенин жакшы билесиңер. Ооба, андан пайдаланып саясий абалды курчуткусу келгендер болгон. Аны жашырбайбыз. Кемпир-Абадды туура кеттиби же жокпу, аны эми тарых тастыктайт. 

Азыр мен 30 жаштамын. Оттой жанган жаштыгым элим, келечегим, менден кийинки муун деп күйгөн саясий лидерлерди колдоо менен кетти. Бирок ошол менин чырылдап чыккан күндөрүм туура кеттиби же туура эмеспи ага да тарых баасын берет. Туура эмес болсо, анда жазамды алдым. Эгер туура эмес адамдарды колдосом, ага керт башым менен жооп бердим.

Ооба, мен учурунда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге катуу сын-пикирлеримди айтып келгем. Анткени бийликке келип, Матраимов, Көлбаев менен иштешип кетти, ошолордон акча алып жатат деп жаман пикирге баргам. Бирок УКТнын башын кыя чабышты. Бул саясий жүрүш болгонуна эми көзүм жетип атат. Эмнеге унчукпай калдың, сындыңбы деп жатышат.

Азыркы бийлик кетсе ким келет? Татыктуу эч ким жок. “Бул бийлик жаман” деп жээригенибиз менен булардын ордуна “келем” дегендер бул бийликтен жүз эсе жаман. Эч кимге үмүтүм жок. Бирок чын ыкласым менен Акылбек Жапаровду колдобосом да, аны тескеп турган Камчыбек Ташиев бар, Садыр Жапаров туура жолду көрсөтүп турат деп үмүт кылам. Кыскасы ушундай! “Мен чыныгы Кемпир-Абадчымын” дегендер абайлап сүйлөсө, дурус болот. Акча үчүн барып, ким кайсы жерде эмне кылып, эмне ушак таратып, публикага аппак болуп, баатыр болуп көрүнгөндөрдү да билип, угуп жатам. Бирок теңелбейм. Адамдардан чындыкты жашыруу мүмкүн, Кудайдан жашыруу мүмкүн эмес. Ооба, бул бийлик менен интернеттин кызыл майданында согуштум, фейктердин таландысында калдым, өзүм да эмоция менен көп сөз айттым, анын баары эсимде жана айткан сөздөрүмдөн баш тартпайм. Бирок кырдаал башка. Менин жеке таарынычымдан, каалоомдон мамлекеттин тынчтыгы, бейпилдиги маанилүү”, — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Нарындагы убактылуу жабылган жол тазаланды

Нарын — Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:41 10.03.2026
0

8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....

Комментарийлер 1

  1. Гүлина says:
    1 год ago

    Атайлап жүрүш керек

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

18:13 11.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

16:51 11.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү