Орозо айт намазы эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, президенттин колдоосу менен менен Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду.
Эси аянттагы айт намазынын программасы:
* 07:00 – 07:30 – Куран окуу
* 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
* 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев
* 08:10 – 08:30 – Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
* 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
* 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.