Сиздерди кирип келген Орозо айыңыздар менен куттуктайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун? Орозодо эмне кылууга болот жана болбойт деген теманын алкагында Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу “Махмуд Кашгари” атындагы мечиттин имамы Ильяз Абдувалиев менен маектешип суроолорубузга жооп алдык.
«Ооз ачканга орозо кармаганын да, кармабаганын да чакыра берсе болот. Себеби, чакырган жерге барып, айлана-чөйрөдөн таасирленет. Ким орозо кармаган адамдын оозун ачтырса, орозо кармаган адамдын толук сообу кемитилбей, ошол адамга да бере берет. Бир күндө бир адам бир күндүк орозо кармаса, кээде миң күндүк орозо кармайт. Ал ооз ачтырып коюу менен. Биз мечитте жылда суу менен курма коюп коёбуз»,- деди ал.