Сиздерди кирип келген Орозо айыңыздар менен куттуктайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Орозодо эмне кылууга болот жана болбойт деген теманын алкагында Бишкек шаарындагы “Махмуд Кашгари” атындагы мечиттин имамы Ильяз Абдувалиев менен маектешип суроолорубузга жооп алдык.
«Акыл-эси жайында, балакатка жеткен, ден соолугу орозо кармоого мүмкүнчулүк берген мусулмандарга орозону кармаган милдет болуп эсептелет. Сапарга чыгып калса, адамга тандоо берилет. Калган адамдар милдеттүү түрдө орозо кармашы керек болот. Сапарда жүрүп, кандайдыр бир себептен орозо кармабай калган болсо, сапары бүткөндөн кийин кармап бериши керек», — деди ал.