Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасына унаа токтотуучу жер маселе болуп жатканын айтып, түшүндүрмө берди.
«Бүгүнкү күндө шаарларыбызда унааларды токтотуу маселеси чоң. Ушул маселени чечүү максатында Мамкурулуш тарабынан, мамлекет жетекчилиги тарабынан атайын иш-пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ушул жылдын сентябрь айынан баштап көп кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилген. Тактап айтканда, 1 батирге 1 унаа токтотуучу жайы болуш керек жана 5 кабаттан бийик үйлөргө жер төлөөсүндө атайын унаа токточуучу жайы болушу керек.
Мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулушка уруксат берилбейт. Курулушта жаңы технологияларды да колдонууга уруксат бердик. Сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди да колдонууга толук болот. Кеч болсо да, жаңы курулуштарды тартиби менен куралы», — деп жазды ал.