31-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн Жаңы жылдык программа даярдады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Саат 18:00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында чоң майрамдык концерт өтөт. Шаар тургундарын жана конокторун орус эстрадасынын жылдыздары – белгилүү ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу катышкан жагымдуу программа күтүп турат. Мындан тышкары, кыргыз эстрадасынын сүйүктүү жылдыздары сахнада чыгып, майрамдын унутулгус атмосферасын түзүшөт»,— деп айтылат маалыматта.