Орусиялык ЖМКлар Екатеринбургда 80 жаштагы аял 6-кабаттан унаанын үстүнө кулап, аман калганын жазышты.
Маалыматка караганда, пенсионер балкондо терезелерди жууп жатып, кокусунан кулап кеткен.
«Ал Hyundai үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөн. Мындан кийин чоң энеси ордунан туруп, окуянын күбөлөрү менен сүйлөшүүгө аракет кылган», — деп кошумчалайт басылма. Маалым болгондой, пенсионер учурда медициналык мекемеде.













